Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Суу РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата ремонт иштери жүргүзүлүүдө

31 Июль 2023 ж.

Энергетиктер кызматта
Кара-Суу райондук электр тармактарында күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери көрүлүп жатат.
Аба-чубалгыларына жана электр мамычаларына тоскоолдук жаратып, электр энергиясынын авариялык кырдаалда үзгүлтүккө учуроосуна тийиштүү болгон бак-дарактар кыйылып тазаланууда.
Аталган иштер Кара-Суу райондук электр тармактарынын Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр бөлүмдөрүндө аткарылып жатат.