Кара-Суу РЭТинде күз-кышка даярдык көрүү иштери ийгиликтүү аткарылууда
6 Август 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тарабынан 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү алкагында электр тармактарын оңдоо, жаңылоо жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу боюнча пландалган иштер толугу менен аткарылууда.
Бүгүнкү күндө, 6 айдын жыйынтыгы менен капиталдык оңдоо боюнча 63 даана трансформатордук көмөкчү чордон оңдолуп, 6–10 кВ чыңалуудагы 40,66 чакырым аба чубалгысына капиталдык оңдоо жасалды.
Мындан тышкары, утурумдук оңдоо иштеринин алкагында 439 даана трансформатордук көмөкчү чордон оңдолуп, 0,4 кВ чыңалуудагы 284,371 чакырым жана 6-10 кВ чыңалуудагы 288,74 чакырым аба чубалгылары утурумдук оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшүндө 6–10–0,4 кВ аба чубалгыларынын коопсуздук тилкелеринде өскөн дарактарды бутоо жана кыркуу иштери да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, электр тармактарын тартипке келтирүү жана тейлөөнү жакшыртуу максатында Кара-Суу районунун айыл аймактарындагы көмөкчү чордондорду ишкананын балансына кабыл алуу иштери уланууда.
2026-жылдын алты айында Жоош айыл аймагынан 23 даана, Отуз-Адыр айыл аймагынан 2 даана, жалпысынан 25 даана көмөкчү чордон Кара-Суу РЭТинин карамагына кабыл алынды.
Ал эми Ала-Тоо айыл аймагынан 10 даана, Кара-Суу шаарынан 13 даана жана Мады айыл аймагынан 11 даана, жалпысынан 34 даана көмөкчү чордон боюнча тиешелүү техникалык жана укуктук иш кагаздары даярдалып, Ош электр тармактары ишканасына өткөрүлүп берилди.
Азыркы күндө, Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Жылкелди айылында электр тармактарын жаңылоо иштери уланууда. 2026-жылдын план-графигине ылайык, жогорку чыңалуудагы 10 кВ аба чубалгысындагы 14 даана эскилиги жеткен жыгач мамыча заманбап темир-бетон мамычаларга алмаштырылууда.
Аталган иштер электр энергиясын керектөөчүлөргө ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, ошондой эле электр тармактарынын коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Кара-Суу РЭТинин энергетиктери алдыдагы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн пландалган иштерди өз мөөнөтүндө улантууда.