Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Суу РЭТинин Кашкар-Кыштак бөлүмүндө 400 кВА жаңы трансформатор коюлду

1 Ноябрь 2023 ж.

Энергетика тармагы жаңыланууда
Ош электр тармактары ишканасына 30 даана жаңы трансформатор келип, орнотуу иштери башталды. Бүгүнкү күндө, Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинин Кашкар-Кыштак бөлүмүндө, муктаждык жаралган Нариман айылына 400 кВА жаңы трансформатор коюлду.
 
Бул трансформатор орнотулуп, ишке берилгенден соң жалпы 75 кожолукту үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт, буга чейин аталган айылдын мектебинин трансформаторунан колдонуп келишкен.
 
Мындан тышкары буга чейин, Мөнөк айылында 160кВА тарнсформатордун ордуна 400 кВА трансформатор, 988-ТПда 400 кВА трансформатор, Кашкар-Кыштак айылында 317 трансформатор 400кВА 630кВАга алмаштырылган. Ошондой эле, 10 кВ аба чубалгылары тартылган.
Белгилей кетсек, күч трансформаторлору “КУЭТ” ААКтын эсебинен сатылып алынды.