Кара-Сууда СИП-2 өткөргүчтөрү тартылып, эски аба чубалгыларын демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө
15 Январь 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинин энергетиктери тарабынан Кара-Суу районунун Манас айыл аймагына караштуу Нурдар жана Тынчтык айылдарында электр тармактарын жаңылоо иштери аткарылууда.
Тактап айтканда, 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгылары боюнча Нурдар жана Тынчтык айылдарында жалпы 21,13 км узундукта электр өткөргүчтөр тартылган. Мындан тышкары, 10 кВ чыңалуудагы СИП-3 электр линиялары боюнча 1,7 км аралыкка аба чубалгылары тартылган.
Күз-кыш мезгилине карата электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн бул иштердин алкагында, учурда эски электр өткөргүчтөрдү демонтаждоо иштери жасалууда.
Аталган иштер белгиленген планга ылайык, коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлүүдө.