Кара-Суунун бир катар айылдарында жаңы электр чубалгылары курулууда
9 Июнь 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тарабынан капиталдык курулуш планынын негизинде калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Жоош айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган пландын алкагында Кум-Арык, Мамажан жана МТФ айылдарында төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгыларын куруу иштери аткарылып жатат. Учурда аба чубалгыларына темир-бетон мамычаларын орнотуу жумуштары жүрүүдө.
Тактап айтканда:
Кум-Арык айылында - 0,7 чакырым;
Мамажан айылында - 0,6 чакырым;
МТФ айылында - 1 чакырым төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгылары курулат.
Мындан тышкары, жаңы курулуп жаткан электр чубалгыларына заманбап СИП-2 маркасындагы өткөргүч зымдар тартылат. Бул - электр энергиясын берүүдө коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.
Ошондой эле Агартуу айылына кубаттуулугу 400 кВА болгон 1 даана трансформатор орнотулса, Мамажан айылына дагы кубаттуулугу 400 кВА болгон трансформатор орнотуу пландалууда.
Аткарылып жаткан иштер аймактагы электр тармактарынын кубаттуулугун жогорулатып, тургундарды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.