Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан Кең-Сай көмөк чордонун жакынкы аралыкта пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бүгүнкү күндө аталган көмөк чордонду куруу иштери 95%га бүттү.
Ош электр тармактары ишканасы тарабынан көмөк чордондогу жараксыз техникалык жабдыктар алынып салынып, 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду.
Буга чейин, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен биргеликте аталган көмөк чордондун абалы менен жеринен таанышкан.
“Кең-Сай” көмөк чордону Ош шаардык мэриясы тарабынан бир топ жыл мурун курулуп баштап, белгисиз себептерден улам курулуш иштери толук аяктабай, токтоп калган.
Мындан улам министр чечим кабыл алып, курулушту жандандыруу жана ишке киргизүү боюнча Ош электр тармактары ишканасына тийиштүү тапшырмаларды берген.
Учурда көмөк чордондун курулушу аяктоо алдында турат. Ал толук ишке кирсе, Кең-Сай массивинин жана ага жакын жайгашкан аймактардын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болушуна өбөлгө түзүлөт.
Бул болсо шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым кошот.