Колл - борбор: 105, 1209

Кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш жыйынтыкталды

25 Июль 2024 ж.

  24-25-июль күндөрү “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТинин аймагында өткөрүлгөн "Бөлүштүрүү электр тармактарынын мыкты оңдоо бригадасы" наамына кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
 
  Калыстардын чечими менен командалардын чеберчилигине ылайык байгелүү орундарды төмөндөгү командалар камсыздашты.
 
 1-орун Ош РЭТинин оңдоо бригадасы.
 2-орун Сулайман-Тоо РЭТинин оңдоо бригадасы.
 3-орун Кара-Суу РЭТинин оңдоо бригадасы.
 
Мындан тышкары, катышуучулардын арасынан тандалып “Мыкты мастер”, “Мыкты команда башчысы” ж.б. сыяктуу ыраазычылык баракчалар менен акчалай сыйлыктар берилди.
 
  Иш-чаранын соңунда, Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев сөз сүйлөп, “мелдешке катышкан командалар мыкты даярдыкта келишип, таймаш күчтүү атаандаштыкта өтүп, электр куроочулар мыкты кесиптик чеберчиликтерин көргөзө алышты” -деп баса белгиледи.