Колл - борбор: 105, 1209

Көмөк чордондор кызматы тарабынан күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө

22 Май 2024 ж.

  Ош облусу боюнча көмөк чордондордо пландын негизинде ремонт иштери аткарылууда.
“КУЭТ” ААКтын Ош электр тармактары ишканасынын “Көмөк чордондор” кызматы бүгүнкү күндө, Ош шаарындагы 220/110/10 кВ “Узловая”, “Ош-6”, Кара-Суу районундагы “Табачная”, Араван районундагы “Төбө-Коргон” көмөк чордондорунда оңдоп-түзөө иштерин жасашууда.
 
   Азыркы тапта, 220/110/10 кВ чыңалуудагы “Узловая” көмөк чордонунда эскилиги жеткен 110кВтук май өчүргүчтөрдү(масляный выключатель) элегаздык өчүргүчтөргө алмаштыруу жумуштары жүрүп жатат.
 
    Жыл сайын жүргүзүлүүчү пландаштырылган ремонт иштери абоненттерди үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында аткарылат.