Көмөк чордондор кызматынын Ош тайпасы үчүн жаңы кызматтык имарат пайдаланууга берилди
27 Январь 2026 ж.
Бүгүн, 2026-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда Ош электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматынын Ош тайпасынын электр слесарлары үчүн курулган жаңы кызматтык имараттын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган объект кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу жумуш ордун камсыз кылуу максатында курулуп, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызстан Улуттук Электр Тармагы” ААК тарабынан каржыланды. Долбоордун жалпы сметалык баасы 7 млн 60,76 миң сомду түзөт.
Курулуш иштерин “Энергострой ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп, аткарылган иштердин наркы 6 млн 193,65 миң сомду түздү.
Жаңы имараттын курулуш аянты 81 чарчы метрди түзүп, анда тайпанын башчысынын жана устатынын иш бөлмөлөрү, санитардык бөлмө жана кийинүүчү бөлмөлөр каралган. Курулуш иштеринде энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан коопсуз материалдар колдонулуп, имарат коопсуздук жана заманбап стандарттарга толук жооп берет.
Ачылыш аземинде министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагында кызматкерлер үчүн социалдык шарттарды жакшыртуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, мындай объектилер тармактагы адистердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрүн айтты.
Бул долбоордун ишке ашырылышы кызматкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу иш чөйрөсүн түзүп, алардын мотивациясын арттырууга жана коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруусуна өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, министр Т.Ибраев Ош электр тармактары ишканасынын актылар залында жалпы кызматкерлер менен жолугушуу жыйынын өткөрдү.
Жыйында 2025-жылы аткарылган иштер боюнча мекеменин отчётун угуп, энергетиктердин бардык суроолоруна ачык жооп берди. Айтылган айрым маселелерди чечүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Ошондой эле, министр Ош ЭТИне иштин сапатын жакшыртуу максатында 2 атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.