Колл - борбор: 105, 1209

Көмөк чордондордо ремонт иштери жүргүзүлүүдө

5 Август 2024 ж.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын “Көмөк чордондор” кызматы тарабынан 2024-жылга карата 17 көмөк чордондо капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү пландалган.
 
  Азыркы учурда 9 көмөк чордон пландалган капиталдык ремонттон өтүп бүттү.
Бүгүнкү күнгө карата Ноокат районунда жайгашкан 110/35/10 кВ “Ноокат” көмөк чордонунда 10МВА трансформаторду демонтаждоо иштери жасалып жатат. Пландын негизинде 40 МВА трансформатор орнотулат.
 
  Көмөк чордондогу жасалып жаткан иштин жүрүшүнөн Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев жеринен кабар алып, жумушту сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берип кайтты.