Күн энергиясы: РЭТтердин өздүк керектөөсүн камсыздоонун натыйжалуу жолу
14 Январь 2026 ж.
Энергетика министрлигинин жүргүзгөн саясатынын негизинде “КУЭТ” ААКтын филиалы- Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа жана Сулайман-Тоо РЭТтерине күн панелдери орнотулуп, бүгүнкү күндө электр энергиясын пайдалануунун альтернативдүү жолдору колдонулууда.
Аталган РЭТтерге орнотулган күн панелдери табигый жарыкты электр энергиясына айландырып, ишкананын өз керектөөсүн камсыздоого жол ачты. Бул - энергиянын келечегине салынган инвестиция жана жашыл энергияга жасалган маанилүү кадам болуп саналат.
2025-жылдын 30-августунда Кара-Кулжа РЭТинин имаратына 35 кВт кубаттуулуктагы күн панели өздүк керектөө үчүн орнотулуп, ишке киргизилген.
Бүгүнкү күнгө карата 6121,74 кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, анын 5265 кВт/сааты РЭТ тарабынан колдонулуп, калган 856 кВт/сааты тармакка берилди. Жалпы 24,3% үнөмдөө камсыздалды.
Ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата Сулайман-Тоо РЭТинин чатырына орнотулган күн панелдери 24 600 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарды. Анын ичинен 5734 кВт/сааты Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан пайдаланылып, 18 866 кВт/сааты тармакка берилди.