Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча жыйын өттү
                11 Апрель 2025 ж.
                
  2025-жылдын 10-апрелинде “КУЭТ” ААКнын филиалы- Ош электр тармактары ишканасында мекеменин бөлүм башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Бул иш-чара 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын негизинде уюштурулду.
 
   Кеңешменин жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана адилеттүүлүктү бекемдөө маселелери талкууланды. Катышуучулар стратегиялык пландын негизги багыттарын талдап, ар бир бөлүмдүн алдында турган милдеттер белгиленип өттү.
 
   Бул сыяктуу иш-чаралар жарандардын энергетиктерге болгон ишенимин жогорулатууга жана таза коомду курууга багытталган ишмердүүлүктүн бир бөлүгү болуп саналат.