Колл - борбор: 105, 1209

"КУЭТ" ААКтын филиалы - Ош электр тармактар ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктар көрүлүүдө

3 Июнь 2024 ж.

 Кара-Кулжа РЭТинде 3 бөлүм бар, Терек, Ылай-Талаа, Кара-Кулжа бөлүмдөрү. Азыркы тапта Кара-Кулжа бөлүмүндө пландаштырылган ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган бөлүмдөгү КТП -048 күч трансформатору капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кайрадан орнотулууда. Жалпы РЭТ боюнча 9 көмөк чордон, 21 фидер, 437 КТП бар.
 
  Жыл сайын энергообъектерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн план график түзүлөт. Анын негизинде март айынан ноябрь айына чейин ремонт иштери алып барылат. Жаңы келген техникалар дагы жумуш ыргагын жеңилдетээрин РЭТ жетекчиси Турат Алиев баса белгиледи. Мурункуга салыштырмалуу акыркы жылдары Министрлик тарабынан жаңы техникалар бөлүнүп берилип, энергетиктерге бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтты.
 
   Белгилей кетсек, Кара-Кулжа электр тармактарынын административдик имараты жаңыдан салынууда. Буга чейин 1965-жылы курулган боюнча авариялык жараксыз абалда болуп турган. Курулуш иштери ушул жылдын ноябрь айына бүткөрүлөөрү мерчемделүүдө.