Колл - борбор: 105, 1209

“КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасында жаңы келген техникалардын ачкычтары тапшырылды

17 Май 2024 ж.

  Ачкычтарды Ноокат, Кара-Кулжа, Ош, Сулайман-Тоо, Өзгөн жана Кара-Суу РЭТтеринин айдоочуларына Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов кутуктоо сөз сүйлөп тапшырды.
  Өзгөчө ушул жылдын кыш айларында карды жөө жиреп, тоолуу аймактарда атчан чыгып авариялык кырдаалды жөнгө салган энергетиктердин эмгегин баса белгилеп, бул да болсо дал ушул энергетиктерге түзүлүп жаткан шарт жана мүмкүнчүлүк экендигин айтып өттү.
  Мындан тышкары, оңдоо иштери ыкчам жана сапаттуу болуп, техникалык жоготуулардын санын азайтууга да таасирин тийзигет.
  Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырган. Алардын 5и Ош ЭТИне берилген.