Колл - борбор: 105, 1209

“КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов жумуш сапары менен Өзгөн РЭТине барды

24 Май 2024 ж.

 Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов, “Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы секторунун” бөлүм башчысы Маматкалык Жумагулов менен биргеликте Өзгөн райондук электр тармактарына барып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнөн кабар алып кайтышты.
 
  Ош ЭТИнин жетекчиси 35/10 кВ «Новая» көмөк чордонунун абалы менен таанышты. Ошондой эле, Өзгөн РЭТинин ремонттон өткөрүлүп жаткан Мырза-Аке бөлүмүнүн имаратын текшерип, куруучуларга белгиленген мөөнөткө чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берди.
 
 Мындан тышкары аталган райондун Куршаб, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Кара-Таш, Мырза-Арык айылдарын электр энергиясы менен камсыздаган «Куршаб» бөлүмүнө имарат куруу зарылчылыгына күбө болуп, кийинки жылга бул маселени чечүүнү убадалады.