Колл - борбор: 105, 1209

Кулактандыруу

29 Май 2024 ж.

"Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы - Ош электр тармактар ишканасында облус аймагындагы энергообъектерди 2024-2025 жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2024 - жылдын 1-4 июнь күндөрү "Каратай-Гүлчө", "Гүлчө-Сопу-Коргон", "Сопу-Коргон- Сары -Таш" 110 кВ аба чубалгыларында көп сандагы обочолонгучтарды алмаштыруу менен пландык оңдоо иштерин жүргүзүү мерчемделген. Ошондой эле 5-7-июнь күндөрү "Сары-Таш - Сары-Могол" 35 кВ чыңалуудагы аба чубалгысында.

Ага байланышуу, бул күндөрү Алай жана Чоң-Алай райондорунун жалпы аймактарында ошондой эле Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө (Ирек, Элчибек, Эсеке, Ункур, Коргон айылдарында) жана Кара-Суу районунун Ынтымак айыл өкмөтүндө (Кызыл-Суу айылында) саат 08-00дөн 17-00 гө чейинки убакыттарда убактылуу электр энергиясы болбойт.

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.