Курмант Айт - майрамы менен Ош ЭТИнин директору куттуктайт
                16 Июнь 2024 ж.
                
Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
 
 
Курман айт - кечиримдүүлүктүн,боорукерликтин, кайрымдуулуктун майрамы. Бул күндү Кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек, ачык маанай менен тосуп алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат.
 
 
Курман айт күнү бардык дуба-тилектериңиздер кабыл болсун. Жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашып, жараткан элибизди ооруу-сыркоо, бөөдө кырсыктардан сактасын.
 
Ар бириңиздердин үйүңүздөргө жарыктык жана бейпилдик каалайбыз!
 
 
Терең урматым менен “КУЭТ” ААКтын филиалы Ошэлектр тармактары ишканасынын директору Ысманов Эмилбек.