Колл - борбор: 105, 1209

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.О. Ибраев Ош облусундагы күз кышка карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты

7 Июль 2024 ж.

  Бүгүн, 2024-жылдын 7-июлунда, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «КУЭТ» ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын РЭТтеринде болду. Алгач ал Кара-Кулжа РЭТинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
1965-жылы курулган РЭТтин эски имараты авариялык абалга келип, мындан ары пайдаланууга жараксыз болгондуктан, быйылкы жылы аталган РЭТтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана абоненттерди сапаттуу тейлөө үчүн, жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган. Курулуш «КУЭТ» ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.
 
  Иш-чарага «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Дүйшө уулу Уларбек, Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов, РЭТ жетекчилери жана кызматкерлери, Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Маматиса Көкөев, ардагер энергетиктер жана жергиликтүү тургундар катышты.
 
  Өз сөзүндө Энергетика министри Таалайбек Ибраев алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын алкагында бир гана оңдоо кампаниясын жүргүзүү эмес, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, аба чубалгыларын, көмөк чордондорду, РЭТтердин имараттарын, Электр энергиясын сатуу бөлүмдөрүн куруу жыл өткөн сайын республиканын энергетика системасынын абалын жакшыртып, кышында кыргыз эли ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз болушу үчүн. Аймактык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө, жаңы курулуштарды курууда, тармак үчүн абдан маанилүү болгон жер тилкелерине байланыштуу маселелерде энергетиктерге көрсөткөн жардамы үчүн, министр жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдирди. Ал отун-энергетика тармагына инвесторлорду тартуу максатында энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан бир катар реформаларга да токтолду.
 
  Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Маматиса Көкөев КРнын энергетика министри Таалайбек Омукеевичке райондук мамлекеттик администрациянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин энергетиктерге көңүл буруп жатканыңызды эл көрүп жатат, унаалар, техникалар берилип, энергетиктер үчүн ушундай заманбап имараттар курулуп, электр тармактары өнүгүп жатат», - деп баса белгиледи ал.
 
  “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Дүйшө уулу Уларбек, компания элди электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыз кылуу, ошондой эле бардык жерде кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрүүнү улантып жатканы боюнча маалымат берди.
 
  Ош ЭТИнин директору Э.К.Ысманов ишкананын бардык 9 РЭТинде жүргүзүлүп жаткан техникалык иштер, оңдоо, реконструкциялоо, инфраструктураны модернизациялоо жана акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча айтып, бардык пландаштырылган иштер сапаттуу жана өз убагында аткарылып жатканын белгиледи.
 
 Андан ары Энергетика министри Өзгөн, Кара-Суу, Ош РЭТтеринде жана Мырза-Аке участкасында болуп, энергетиктер менен жолугуп, алардын ой-пикирин жана суроо-талаптарын угуп, алты айдын жыйынтыгынын негизинде, кийинки жарым жылдыкка пландар белгиленип, көтөрүлгөн маселелер боюнча чечимдер каралаарын айтты.
 
  «Атайын техника менен камсыз кылуу маселесине келсек, өткөн жылдан бери энергетикалык ишканаларга керектүү бригадалык унаалар, экскаваторлор жана крандар максималдуу түрдө камсыздалып, алар күз-кыш мезгилине дайындык жана кыш мезгилинде кыйла жардамы чоң болууда», - деп белгиледи министр.
 
  Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын соңунда аткарылган иштер менен таанышып, «КУЭТ» ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын ишмердүүлүгүнө оң баа берип, ийгиликтерди каалады.