Колл - борбор: 105, 1209

Кыргызстан боюнча эң чоң район Кара-Суу районунда акылдуу электр эсептегичтер орнотулуп баштады

3 Апрель 2025 ж.

  Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинин электр куроочулары тарабынан Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак бөлүмчөсүндө акылдуу электр эсептегичтер орнотулууда.
 
 АИСКУЭ эсептегичтерди орнотуунун 1-этабы 2024-жылы башталып, Манас айыл өкмөтүнө 3564 даана орнотулган. Бүгүнкү күндө, Ала-Тоо айыл аймагында 8500 даана эсептегичти орнотуу иштери башталды.
 
Кара-Суу районунда жалпы 65100 калк керектөөчү бар. Район боюнча бардык калк керектөөчүлөргө 2026-жылга чейин акылдуу электр эсептегич орнотулуп бүткөрүлөт.
 
✔️Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуунун максаты жана артыкчылыктары:
▪️үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат.
▪️берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат.
▪️коррупцияны жоюуга жардам берет.
▪️электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.
▪️реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
▪️чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт.
▪️дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кошулат.
▪️эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.
▪️Электр эсептегичтин көрсөткүчүн алуу үчүн жана карыз болгон учурда тескөөчү ар бир керектөөчүнүн үйүнө барбастан, аралыктан башкарууга шарт түзүлөт.