Колл - борбор: 105, 1209

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында техникалык коопсуздук боюнча пландык окуулар өткөрүлүүдө

18 Январь 2024 ж.

Ишкананы ишенимдүү иш менен камсыздоо, кызматкерлердин квалификациясын жана чебердигин көтөрүү максатында, Ош ЭТИнин окутуу планына ылайык, 2024-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин өндүрүштүк-техникалык системасында кызматкерлер окуудан өтүшөт.
 
Техникалык окууда "КУЭТ" ААКнын Окуу Борборунан бекитилген программалар колдонулууда.
“Коопсуздук эрежелеринин” негизги пунктарына ылайык, ар бир өндүрүштүк персонал электр тогуна урунган адамды бошотуу ыкмалары жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча тажрыйбалык окуудан өтүүгө милдеттүү.
 
Техникалык окуу Ош ЭТИнин бардык бөлүмдөрүндө жана райондук электр тармактарында өткөрүлүүдө.