“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Чоң-Алай РЭТи “Жылдын мыкты мекемеси” деп табылды
17 Январь 2024 ж.
2023-жылдын жыйынтыгы менен Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Жылдын мыкты мекемеси-2023” номинациясы Чоң-Алай РЭТине ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Чоң-Алай райондук электр тармактары Дароот, Жекенди, Кашка-Суу бөлүмдөрүнөн турат. Капиталдык ремонттун негизинде Жекенди айыл өкмөтүндө 9 км аба чубалгысы курулуп, Кашка-Суу бөлүмүнө кошумча көмөк чордон коюлган.
Чоң-Алай району боюнча жалпы 4965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар.