«Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы директору Ош электр тармактар ишканасынын кышка карата даярдыктары боюнча кеңешме өткөрдү

19 Апрель 2024 ж.

  Бүгүн, 2024-жылдын 19-апрелинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча компаниянын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында жумушчу кеңешме өткөрдү.
 
  Жыйынга Ош электр тармактар ишканасынын (ОшЭТИ) жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле райондук электр тармактарынын (РЭТ) жетекчилери катышты.
 
  Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев оңдоп-түзөө иштери башталып, анын алкагында Ош облусунун бир катар энергетикалык объектилери модернизацияланып, реконструкциядан өткөрүлөөрү тууралуу маалымат берди. Анын ичинде 9 миң чакырымдан ашык электр чубалгыларында учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 чоң көмөк чордондо трансформаторлор алмаштырылат, РЭТтерде 43 жаңы трансформатор орнотулат. Кошумчалай кетсек, быйыл Кара-Кулжа РЭТине жаңы имарат куруу пландалууда.
 
  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, оңдоо иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүнү тапшырды.
 
   Жыйындын жүрүшүндө Алтынбек Рысбеков кышкысын аба ырайынын катаал шартында жана калың жааган карда Көк-Бел жана Алайкуу өрөөндөрүндө жайгашкан жогорку чыңалуудагы электр чубалгысындагы авариялык абалды тез арада жойгон РЭТтин энергетиктерине Ардак грамоталарды тапшырды. Энергетиктерге ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга чың ден- соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалады.
 
  «Энергетика тармагынын туруктуу иштеши калкты, социалдык жана өндүрүштүк объектилерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Ошондуктан энергетиктердин электр жабдууларын, айрыкча тоолуу райондордо жайгашкан электр чубалгыларын күнү-түнү ишенимдүү иштешин камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин маанисине баа берүү кыйын. Сиздер өзүңүздөрдүн үлгүңүздөр менен жалпы коом үчүн өтө маанилүү кесибиңиздерге жоопкерчиликтүү мамилени көрсөтүп жатасыздар», - деп баса белгиледи ал.
 
 Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош облусунун тоолорундагы Ош ЭТИнин электр куроочулары калың жааган кардын шартында штаттан тышкары учурду, тоолуу аймактарына атчан жана жөө чыгып барып тез арада жоюшкан.
 
Социалдык түйүндөрдө энергетиктердин сүрөттөрү жана видеолору активдүү тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган. Көптөгөн ЖМКлар энергетиктердин иши тууралуу жазып, алардын кыргызстандыктардын үйүндө жарык жана жылуулук үчүн талыкпаган эмгегин белгилешкен.