Колл - борбор: 105, 1209

“Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинде пландалган ремонттук иштер аткарылууда

4 Апрель 2024 ж.

 Сулайман-Тоо РЭТинин энергетиктери Ош шаарынын Достук кичи районунда жайгашкан 225-трансформатордо иш алып барышууда. Трансформатордо мурун 2 фидер чыккан болсо азыр 0,4 кВ болгон 3 фидерге бөлүнүп, сырдоо иштери жасалып, капиталдык кароодон өткөрүлдү. Эскилиги жеткен аба чубалгылары, азыркы заманбап СИП өткөргүчтөргө алмашылды.
 
Аталган трансформатордон 79-80-көчөлөр электр энергиясын алат жана 68 керектөөчүнү жарык менен камсыздайт. Бул сыяктуу иштер, Ош шаарынын башка аймактарында да жүргүзүлүүдө