Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан Улуттук Электр Тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү

26 Май 2025 ж.

2025-жылдын 23-май күнү Ош шаарында “Кыргызстан Улуттук Электр Тармагы” ААКнын директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйын Ош электр тармактар ишканасынын жыйындар залында уюштурулду.

20-майдан тартып, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Ош ЭТИнин курамына кирген Араван, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа райондук электр тармактарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен жеринен таанышты.

Жыйынга директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Доолотович Турдубаев, мүчөлөрү Алымбек Дүйшеекович Баймуратов, Ормонбек Бурканович Кудайбердиев, Мирбек Абдухамитович Маматов, Ош ЭТИнин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Күн тартибинде каралган маселелер

  1. 2024-жылдагы жана 2025-жылдын 1-кварталында аткарылган иштер тууралуу маалымат
    — Ош ЭТИнин директору Тилек Жолдубаевич каржы-чарбалык иштер боюнча отчёт берди.

  2. 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык
    — Башкы инженер Марат Кадыралыевич даярдык иштери тууралуу баяндама жасады.

  3. Электр энергиясын сатуу боюнча отчет
    — Директордун орун басары Нурбек Маматкапарович бул багытта аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

  4. Ош электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш иштери боюнча отчет
    — Директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары Улан Курстанбекович маалымат берди.

Негизги басым жасалган маселелер
Төрага Атантай Турдубаев:
• Күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн даярдыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи;
• Керектүү материалдар менен өз убагында камсыздоо маанилүү экенин айтты;
• Авариялык өчүрүүлөргө ыкчам чара көрүү зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле:
• “Мой свет” тиркемеси ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи;
• Электр жабдуулар жана техникалар менен камсыздоо жакшы деңгээлде экенин, энергетиктердин ыкчам иш алып баруусу купулга толорлук экенин кошумчалады.

 

Жыйын соңунда директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызматкерлердин суроолоруна жооп беришти.
Энергетика тармагында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, ар бир кызматкердин эмгеги маанилүү экендиги баса белгиленди.
Ош электр тармактары ишканасында өткөн жылга салыштырмалуу бир жыл ичинде аткарылган иштердин, жаңы курулуштардын жана өнүгүүлөрдүн саны кыйла өскөнү айтылды.
Натыйжада, Ош электр тармактар ишканасынын 1-кварталдагы ишмердүүлүгүнө канааттандырарлык баа берилди жана бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.