Колл - борбор: 105, 1209

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Ош филиалы “Ош электр тармактары ишканасында” маркум ардагер энергетик Абдыкалык Молдоисаевдин аты 110/35/6/10 кВ “Центр” көмөк чордонуна берилди

11 Ноябрь 2023 ж.

“Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКтын  Ош филиалы “Ош электр тармактары ишканасында” маркум ардагер энергетик Абдыкалык Молдоисаевдин аты 110/35/6/10 кВ “Центр” көмөк чордонуна берилди.
 
Салтанаттуу иш чараны “КУЭТ” ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков сөз сүйлөп, ачып берди. Башкы директор өз сөзүндө, Молдоисаевдин энергетика тармагына кошкон зор салымын баса белгилеп, ар бир өзү жетектеген ишкананын өркүндөшүнө, анда иштеген жамааттын шарттарынын жакшырышына камкордук көргөнүн кошумчалады.
 
Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов, Молдоисаевдин өмүр баянына кенен токтолду. Абдыкалык Молдоисаев, эмгек жолун суу башкармалыгында электр эпкер, көмөк чордондор бөлүмүндө электр куроочу, мастер, башчы болуп баштаган. 1987-жылы “Горсвет” ишканасында, 1992-1995-жж. Ош РЭТинде, 1995-1996-жж. Ош ЭТИнде, 1996-2007-жж. Ош ЖЭБте, 2007-2011-жж. Ош ЧЖЭТИнде директорлук кызматтарды татыктуу аркалаган.
 
Иш-чарага Ош шаарынын вице мэри Сонунбек Жунусбаев, Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, маркумдун чогуу иштеген кесиптештери, балдары жана жакын санаалаштары катышышты.