Күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө
20 Март 2024 ж.
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынынын “Көмөк чордондор” кызматы тарабынан кезектеги оңдоо иштери бүгүнкү күндө 35/10 кВ “Жаңы-Арык” көмөк чордонунда жүрүп жатат.
Тактап айтканда, көмөк чордондогу негизги электр жабдыктарын профилактикалык сыноодон өткөрүп, кыймылдаткыч бөлүктөрүн оңдоп-түзөө, майлоо иштери жасалды.
Аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, көмөк чордондогу авариялык кырдаалды болтурбоону, жана алдын алууну көздөйт.