Колл - борбор: 105, 1209

Күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда

16 Сентябрь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы тарабынан күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.
Бүгүн, 16-сентябрь күнү Ош электр тармактарынын Ош, Сулайман-Тоо, Кара-Суу, Ноокат РЭТтеринде жана Көмөк чордондор кызматы тарабынан пландаштырылган ремонт иштери жасалууда.
Ремонт иштеринин алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:
•аба чубалгыларынын эскирген бөлүктөрүн алмаштыруу;
•трансформаторлорду жана көмөк чордондорду оңдоо;
•линия изоляторлорун жаңылоо;
•жабдууларды профилактикалык текшерүү жана тазалоо;
•коргоочу автоматика жана релелерди текшерүү;
•тирөөч мамыларын бекемдөө жана сырдоо;
•керектүү жерлерде жаңы электр жабдууларын орнотуу.
Ремонт иштери жүргүзүлгөн аймактарда, коопсуздук максатында чыңалуу убактылуу өчүрүлөт. Бул боюнча алдын ала билдирүү oshpes.nesk.kg расмий сайтына жүктөлүп турат.