Колл - борбор: 105, 1209

Лаглан айылында жалпы 162 даана темир бетон мамычалары орнотулууда

19 Сентябрь 2024 ж.

  Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи Кара-Суу районунун Лаглан айылындагы эскилиги жеткен жыгач мамычаларды жаңы темир бетон мамычаларга алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
 
 Жалпысынынан 162 тирөөч коюлат, анын ичинен 0,4 кВ 141 даана мамыча жана 4,5 км аба чубалгысы, жогорку чыңалуудагы 10 кв 21 даана жана 1 км аба чубалгылары тартылат.
 
 Учурда, ремонт иштери 90%га аяктап, сентябрь айынын аягына чейин электр тирөөчтөрү толук коюлуп, аба чубалгылары тартылып, пайдаланууга берилет.
 
 Коюлуп жаткан мамычалар 2023-жылдын декабрь айында өткөн 2-Курултайда көтөрүлгөн маселенин негизинде капиталдык куруу бөлүмү аркылуу быйылкы жылга планга киргизилген.
 
 Азыркы учурда, жасалып жаткан иштер үчүн айыл эли энергетиктерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Электр энергиясына боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыз болот.