Колл - борбор: 105, 1209

Министрдин биринчи орун басары Ош ЭТИнин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

8 Май 2025 ж.

2025-жылдын 1-7-май күндөрү, Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында болуп, Ош, Ноокат, Араван РЭТтеринин күз-кышка даярдыгы, райондук электр тармактарындагы жаңы имараттардын, участкалык бөлүмдөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү, акылдуу электр эсептегичтердин орнотулушу(АСКУЭ), Ош шаарында курулуп ишке кирүү алдында турган темир бетон мамыча буюмдарын чыгаруучу цехинин жана ошондой эле Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин имаратынын ремонту менен таанышты.
Мындан тышкары, Ош электр тармактары ишканасынынын “220/110/10” кВ “Узловая” көмөк чордонунда 250 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатордун орнотуу иштеринен кабар алып, Ош электр тармактары ишканасынын адмнистративдик имаратында мекеме кызматкерлерине жыйын өткөрүп, жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүнүн алкагында Ош облусу боюнча энергообьектилерде аткарылуучу иштер жана 1-кварталда аткарылып бүткөн жумуштар боюнча министрдин орун басарына Ош ЭТИнин жетекчилиги маалымат берди.
Быйылкы жылы жалпы 100850 даана акылдуу электр эсептегич орнотулат, бүгүнкү күндө 17850 даанасы орнотулуп бүттү. 220/110/35 кВ кубаттуулуктагы 82 даана көмөк чордон утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. СИП-2 маркасындагы 0,4кВ өткөргүчтөр -67,5км орнотулат, бүгүнкү күндө 8 км тартылып бүттү. Ал эми СИП-3 маркасында 10кВ-38,4км тартылат.