Колл - борбор: 105, 1209

Ноокат району боюнча жыл башынан бери 584 даана жаңы электр мамычалары орнотулду

3 Октябрь 2024 ж.

  Азыркы учурда Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында №174-трансформатордон ашыкча жүктү алуу максатында кошумча трансформатор орнотулуп, электр мамычалары коюлуп, аба чубалгылары тартылган.
 
Ошондой эле, Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан №229-КТП трансформатордо капиталдык ремонт иштери жасалууда. Бул трансформатордон 72 абонент чыңалуу алат.
 
Бүгүнкү күндө Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Быйылкы жылга пландын негизинде реконструкция жана курулуш боюнча 10.5км 0.4кВ аба чубалгысы 18 обьектке киргизилген. Анын 11и бүтүп, 7синде иш жүрүп жатат. Кошумча трансформатор орнотуу боюнча планда 11 даана киргизилип азыркы тапта 7 даанасы орнотулуп бүттү.
 
Мындан тышкары Ош-Исфана-Раззаков жолунун курулушуна 6 км аралыкта төмөнкү жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары менен биргеликте тартылган 127 даана электр мамычаларын жылдыруу иштерин да Ноокат РЭТинин энергетиктери жасашууда.
 
Ноокат району боюнча 50769 калк абонент жана 3667 калк эмес абонент бар. РЭТте жалпы 157 кызматкер эмгектенет.
 
Энергетиктердин жасап жаткан иштерине айыл тургундары ыраазычылыктарын билдирип, аксакалдар баталарын беришти.
 
☎️Электр энергиясына боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыз болот.