Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзгөн реформасынын алкагында Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат районунда энергетикалык жаңылануу иштери өз убагында аткарылууда.
Министр Т.Ибраевдин буга чейинки койгон таршырмасына ылайык 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата Ноокат районунда бир катар иштер аткарылып, жалпысынан 80 пайыз энергетикалык жаңылануу жүргүзүлдү.
Учурда жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын (ВЛ-10 кВ) катардагы оңдоо иштери боюнча 221,535 км аралык пландалып, толугу менен 100%га аткарылды.

Капиталдык курулуш иштери боюнча:
•10 кВ жаңы аба чубалгылары (АЧ) боюнча 0,6 км куруу пландалган, учурда мамычалар орнотулуп, чубалгыларды тартуу иштери жүрүп жатат.
•0,4 кВ жаңы аба чубалгылары боюнча 2,3 км куруу пландалган, анын ичинен 0,8 км бүткөрүлүп, калган 1,5 км боюнча иштер улантылууда.
•Эскилиги жеткен жогорку чыңалуудагы мамычаларды СИП кабелдери менен алмаштыруу боюнча 0,5 км план каралган. Учурда мамычалар орнотулуп, кабелдерди тартуу иштери жүрүп жатат.
•Төмөнкү чыңалуудагы чубалгыларды жаңылоо боюнча 1,5 км пландалып, бүгүнкү күндө мамычалар орнотулуп, кабель тартуу иштери жүрүп жатат.