Колл - борбор: 105

Ноокат районунда АСКУЭ эсептегичтерин орнотуу иштери уланууда

26 Август 2026 ж.

   Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинде акылдуу электр эсептегичтерин(АСКУЭ) орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
 
2025-жылы Ноокат районунда жалпы 10 миң 716 даана АСКУЭ электр эсептегичи келип түшкөн. Анын ичинен 10 миң 692 даанасы бир фазалуу, 24 даанасы үч фазалуу эсептегичтерди түзөт. Бардык эсептегичтер Ноокат РЭТинин Ноокат бөлүмүндөгү керектөөчүлөргө орнотулган.
 
  Ал эми 2026-жылы районго жалпы 41 миң 692 даана АСКУЭ электр эсептегичин орнотуу пландалууда. Анын ичинен 41 миң 653 даанасы бир фазалуу, 39 даанасы үч фазалуу эсептегичтер болуп саналат.
Бул эсептегичтер Ноокат райондук электр тармактарынын бардык калк керектөөчүлөрүнө этап-этабы менен орнотулат.
 
  Белгилей кетсек, АСКУЭ эсептегичтерин сатып алуу абоненттердин эсебинен жүргүзүлбөйт. Эсептегичтин өзү жана аны орнотууга байланыштуу бардык чыгымдар толугу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын эсебинен каржыланат.
 
АСКУЭ - электр энергиясын так эсепке алууга, жоготууларды азайтууга жана энергетика тармагын санариптештирүүгө багытталган маанилүү кадам.