Бул аба чубалгы жаңыдан курулуп жаткан 35/10 кВ “Кулатов” көмөк чордонуна чыңалуу берүү үчүн туташат.
Ал эми көмөк чордонду куруу зарылчылыгы || элдик Курултайда жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселенин негизинде келип чыккан.
Аткарылып жаткан иштерден Ош электр тармактары ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу жеринен таанышып, сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырма берди.
СИП чубалгыларын тартууга Ноокат, Кара-Суу, Араван, Кара-Кулжа, Ош, Сулайман-Тоо, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн РЭТтеринен жана Ош электр энергиясын сатуу мекемесинин электр куроочулары жумушка тартылып, жалпы 20га чукул электр куроочу аба чубалгысын тартып жатышат.
_____________________________
Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы
