Ноокат районунда жаңы электр мамычалары орнотулууда

7 Май 2024 ж.

Ноокат районунда жаңы электр мамычалары орнотулууда
 
“Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
 
Бүгүнкү күндө, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр айылына кошумча трансформатор коюп, аба чубалгыларын тартуу үчүн жаңы электр мамычаларын орнотушууда. Айыл жергесинде жаңы конуш кошулуп, буга чейин кошумча жүк менен трансформатор иштеп келгендиктен, жаңы трансформатор орнотуу зарылчылыгы келип чыккан.
 
Ноокат РЭТи 2024-жылда бекитилген пландын негизинде 10 кВ "Амбаркол", "Абшыр", "Борко" жана "МТФ" аба чубалгыларынын 105.74 км аралыгында ремонт иштерин жүргүзөт.
Ал эми техникалык кароодон 6-10 кВ аба чубалгылары 636.733 км. 0.4 кВ аба чубалгылары 624.211 км. тартылып, 128 даана КТП капиталдык ремонттон, 791 даана КТП техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.