Колл - борбор: 105, 1209

Ноокат районундагы селден жабыркаган 10 кВ электр чубалгыларынын 55 тирөөчтөрүнүн 34 тирөөчү калыбына келтирилди

1 Июль 2024 ж.

  Ош облусунун Ноокат районунда 2024-жылдын 1-июлуна саат 20:00дө «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери селдин кесепетинен бузулган 10 кВ электр чубалгыларынын 55 тирөөчтөрүнүн 34 тирөөчү калыбына келтиришти.
 
  Мындан тышкары, водозабор ВЛ-6 кВ жана «Абшыр» көмөкчордонуна чыңалуу берилди. Бул аракеттердин аркасынан дагы 150 абонентке электр жарыгы берилди.
 
  Белгилей кетсек, «КУЭТ» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков ошол жерде ыкчам иштерди көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
 
  Ноокат, Араван, Ош, Сулайман-Тоо» жана башка РЭТтеринин авариялык-калыбына келтирүү топтору, 15 атайын техникасы менен 40 техникалык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери табигый кырсыктан жабыркагандарга үйлөрүн тазалоого жардам берүшүүдө.
 
 Энергетиктер электр жабдууларын тез калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүшүдө.