Колл - борбор: 105, 1209

Ноокат районунун селден жапа чеккен калктуу конуштарында “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери электр энергиясын калыбына келтиришүүдө

None

 
Ош облусунун Ноокат районунда 2024-жылдын 28-июнунда сел жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 6 электр чубалгысынын тирөөчтөрүн агызып кеткен жана 16 электр чубалгысынын тирөөчтөрүн жарактан чыгарган. Эртең мененки саат 06:00дөн баштап «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин авариялык калыбына келтирүү топтору талкаланган электробъектилерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Ноокат районуна Араван, Ош, Сулайман-Тоо РЭТтеринен - бир нече авариялык абалды калыбына келтирүү топтору атайын техникалар менен жөнөтүлгөн.
Учурда Кожо-Арык, Ак-Чал, Ак-Терек айылдарындагы 2771 абонентке электр энергиясы берилди. Жакынкы сааттарда калган 180 абонентке электр энергиясы калыбына келтирилип берилет. Жолдор ачылгандан кийин электр чубалгыларын дагы текшерүү иштери уланат.
Энергетиктер электр жабдууларын ыкчам калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.