Ноокат РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүүдө
5 Август 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТи тарабынан 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарын жаңылоо жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу боюнча пландуу иштер аткарылууда. Бүгүнкү күндө, даярдык иштери 70%га аяктады.
Аталган иштердин алкагында эскилиги жеткен жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларга алмаштыруу жумуштары Кеңеш, Т. Кулатов, Ноокат шаары, Кыргыз-Ата, Н. Исанов, Төөлөс жана Гулистан айыл аймактарында толугу менен аяктады. Жалпысынан 300 даана темир-бетон мамыча орнотулду.
Мындан тышкары, электр энергиясын берүүдө авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында А. Мирмахмудов, Гулистан, Ноокат шаары, Кыргыз-Ата, Т. Зулпуев, Төөлөс, Н. Исанов, Кеңеш, Көк-Жар, Кара-Таш жана Т. Кулатов айыл аймактарында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын алдындагы бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ноокат РЭТи тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бардык пландалган иштер бекитилген графикке ылайык улантылып, керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.