Колл - борбор: 105, 1209

Ноокат РЭТинде пландын негизинде ремонт иштери жүргүзүлүп жатат

1 Август 2023 ж.

Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинде пландын негизинде ремонт иштери жүргүзүлүп жатат
Ноокат райондук электр тармактарында жалпы 8 бөлүм бар. Учурда, 3000ден ашуун кожолукту электр энергиясы менен камсыздаган Кулатов бөлүмүндө капиталдык оңдоо иштери аткарылууда.
Бул жылга пландын негизинде 10 трансформатор каралган. Азыркы тапта 6-трансформатор техникалык кароодон өткөрүлүп жаткан кези.
Бөлүмдө 2фидер менен тейлеген 1 жогорку чыңалуудагы Абшыр аба чубалгысы, 6 кВтук Абшыр-Ата аба чубалгысы бар. Линиянын узундугу 69 кмди түзөт.
Ноокат райондук электр тармактарынын карамагында 906 трансфарматор болсо, 713км жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы жана 618 км 0.4 кВтук аба чубалгысын тейлейт. Ал эми 56000дей керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт.