Колл - борбор: 105

Ноокатта энергетиктер күз-кышка даярдык көрүшүүдө

14 Май 2026 ж.

Энергетика министрлигинин алдыдагы 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмасына ылайык, “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат райондук электр тармактары тарабынан утурумдук оңдоп-түзөө, техникалык тейлөө жана курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Ноокат РЭТи тарабынан электр жабдууларын жаңылоо, эскилиги жеткен аба чубалгыларын оңдоо жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо багытында бир катар иштер аткарылып жатат.
2026-жылга карата капиталдык оңдоо планына ылайык, жалпы 156 даана көмөкчү чордондо (КТП) оңдоо иштерин жүргүзүү мерчемделсе, учурда анын 24 даанасы оңдолду. Ошондой эле 6/10 кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоо боюнча 144,72 чакырым план каралып, бүгүнкү күнгө чейин 16,4 чакырымы бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, негизги курулуш иштери (ОКС) боюнча 10 кВ чыңалуудагы СИП-3 аба чубалгыларын куруу планы 2,80 чакырымды түзүп, анын 1,5 чакырымы аткарылды. Ал эми 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгыларын куруу боюнча 3,30 чакырым план каралып, учурда 1,4 чакырымы бүткөрүлдү.
Реконструкциялоо иштеринин алкагында 10 кВ СИП-3 аба чубалгыларын жаңылоо боюнча 10,65 чакырым план бекитилген. Ал эми 0,4 кВ СИП-2 аба чубалгыларын реконструкциялоо боюнча 7,30 чакырым пландалып, анын 0,5 чакырымы аткарылды.
Жүргүзүлүп жаткан иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоого жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.