Колл - борбор: 105

“Ош-5” көмөк чордонунда электр жабдыктары жаңыланууда

None

Ош шаарынын так борборунда жайгашкан 35/10/6 кВ чыңалуудагы “Ош-5” көмөк чордонунда электр жабдууларын жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Учурда көмөк чордондун 6 кВ чыңалуудагы КРУН (сырткы орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүш) жабдуулары алмаштырылууда. Жалпысынан 10 ячейка толугу менен жаңыланып, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштер жасалып жатат.
“Ош-5” көмөк чордону Ош шаарынын бир катар маанилүү социалдык объектилерин жана көчөлөрүн электр энергиясы менен камсыздайт. Алардын катарында Онкологиялык оорукана, Приквокзальная жана Масалиев көчөлөрү, Ашимахунов көчөсү, ошондой эле Филфак, Искусство жана Конфуций окуу жайлары бар.
Жаңылоо иштерин “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Көмөк чордондор, Изоляция, Релелик коргоо жана автоматика кызматтарынын адистери жүргүзүүдө. Жумушка 20га жакын электр куроочу жана 25 тонналык автокран тартылган.
Жасалып жаткан иштер электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртууга, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого жана электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга багытталган.