Колл - борбор: 105

Ош-7 көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

29 Сентябрь 2026 ж.

 
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ош шаарындагы 35/10 кВ чыңалуудагы Ош-7 көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында пландуу оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери жасалууда.
Учурда көмөк чордондун 35 кВ чыңалуудагы 1-секциясы жана 35 кВ чыңалуудагы чыңалуу трансформатору (ТН) ремонтко чыгарылып, адистер тарабынан жөнгө салуу жана наладка иштери аткарылууда.
Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө электр жабдууларынын контакттары тазаланып, изоляторлордун абалы текшерилип жана тазаланып жатат.
Бул иштер электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртуу, алардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу берүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, мындай профилактикалык жана оңдоп-түзөө иштери жыл сайын алдын ала белгиленген мөөнөттөрдө пландуу түрдө аткарылат. Электр жабдууларында контакттардын ысып кетүүсүнүн алдын алуу, эксплуатациялык ресурсу аяктаган материалдарды өз убагында алмаштыруу жана жабдуулардын техникалык абалын көзөмөлдөө үчүн үзгүлтүксүз тейлөө иштери зарыл.
Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер белгиленген талаптарга ылайык аткарылып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ош электр тармактары ишканасы абоненттерден жүргүзүлүп жаткан пландык оңдоп-түзөө иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Электр тармактарындагы алдын алуу жана оңдоп-түзөө иштери - электр энергиясын керектөөчүлөргө ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуунун маанилүү бөлүгү.
Ош электр тармактары ишканасы - сиздер үчүн ишенимдүү электр энергия!