«КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактар ишканасы тарабынан кызматкерлерге коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн иштер боюнча кеңешмелер жүргүзүлүүдө. Кеңешмеде Ош облусунун райондук жана шаардык электр тармактары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, кызматкерлери катышууда.
Жыйында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана кылмыш-жаза мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү түшүндүрдү. Ишкананын кызматкерлерине коррупциялык аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу маалымат берилди.
Бул чаралар Ош электр тармактар ишканасындагы иш алып баруунун ачык-айкын жана коррупциядан алыс болуусуна өбөлгө түзөт, ошондой эле кызматкерлердин жоопкерчилигин жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.