Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактар ишканасында Күз-Кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүп жатат

30 Май 2023 ж.

Ош электр тармактар ишканасында Күз-Кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.
Жалпы Ош облусун жана Баткен облусунун калкынын жарымын тейлеген 220/110/10 кВ «Узловая» көмөк чордонунда ремонттук иштер жасалып, эскилиги жеткен аба чубалгылары катаал аба ырайына жана жаратылыш кырсыктарына туруштук берүүчү чубалгылар менен жаңыланып, трансформаторлорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, мындан сырткары жаңы түшүп жаткан конуштарга электр мамычалары коюлуп, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо иштери уланууда.