Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов жаңыдан ишке кирип жаткан Сулайман-Тоо РЭТинин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышты.

16 Июнь 2023 ж.

Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов жаңыдан ишке кирип жаткан Сулайман-Тоо РЭТинин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сулайман-Тоо райондук электр тармактары Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын батыш жагын жана Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактарын тейлейт.
Жогорудагы аталган аймактарда авариялык кырдаалдар болгон учурда 03222-4-73-87 номерине кайрылсаңыздар болот.
Аталган райондук электр тармагы, Ош шаары боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу, шаар калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен ыкчам камсыз кылуу максатында курулуп жатат.