Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактар ишканасынын кызматкерлери техникалык окуудан өткөрүлүүдө

16 Январь 2025 ж.

  Бүгүн 16-январь “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактар ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинин кызматкелери үчүн техникалык окуулар башталды.
 
 Аталган окутуунун негизги максаты - авариялык учурларда ыкчам аракеттерди жүргүзүү боюнча, ар бир кызматкерди жеке коопсуздукка үйрөтүү менен бирге ар кандай кырдаал учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого багытталган.
 
 Техникалык окууда коопсуздукту сактоодогу атайын белгилерди кандай учурда пайдаланууну, электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин сактоону, кокустан токко урунган адамга кандай жардам көрсөтүү керек, ал учурда кызматкер өзү токко урунбашы үчүн эмнеден башташы зарыл экениндиги кызматкерлерге түшүндүрүлдү.
 
 Учурда Ош электр тармактары ишканасына караган облустагы райондук электр тармактарынын (РЭТ) кызматкерлерине жана борбордук кызматтарда өндүрүштөн ажыратылбаган техникалык окуулар өткөрүлүп жатат.
 
  Техникалык окуулар январь айынан февраль айына чейин өтүлөт.