Колл - борбор: 105

Ош электр тармактары ишканасы Бишкектеги турнирде активдүү катышууда

24 Март 2026 ж.

Бишкек шаарында 23–25-март күндөрү энергетиктер арасында кичи футбол боюнча тандоо турнири өтүүдө.
🔹 Ош электр тармактары ишканасы мелдешке активдүү катышып, команда жогорку даярдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүүдө.
Турнир Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында уюштурулуп, ага жалпы 10 команда катышууда. Алардын катарында «КУЭТ» ААКтын борбордук аппараты жана филиалдары, ошондой эле «Электр станциялары» ААК бар.
Бул мелдеш «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан «Достук» стелласынын ачылган күнүнүн жылдыгына арналган эл аралык турнирге тандоо максатында өткөрүлүүдө.
Жеңүүчү команда 2026-жылдын 7–9-апрелинде Тажикстандын Исфара шаарында өтө турган «Достук» эл аралык турниринде Кыргызстандын намысын коргойт.
Бул сыяктуу мелдештер энергетиктердин ортосундагы достукту бекемдеп, командалык биримдикти күчөтүүгө чоң салым кошот.