Ош электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине 90%га даяр
10 Июль 2025 ж.
Энергетика министрлиги демилгелеген реформалардын негизинде, энергетикалык объектилердин техникалык абалын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу иштери ырааттуу жүргүзүлүүдө. “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы 2025–2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды активдүү жүргүзүп, электр тармактарын оңдоо жана тейлөө иштерин улантууда. Учурда 6 айдын жыйынтыгында ишкана күз-кыш мезгилдерине 90%га даяр.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 0,4 кВдан 220 кВга чейинки тармактарда төмөнкүдөй негизги жумуштар аткарылды:

Капиталдык оңдоолор
Капиталдык оңдоого жалпысынан 64,9 млн сом жумшалып, бул пландалган 76,1 млн сомдун 85%ын түздү. Физикалык көлөм боюнча 99% аткарылды.
Негизги көрсөткүчтөр:
• КЧ (35/110/220 кВ) – 16 көмөк чордондун 15и оңдолду (94%)
• АЧ (35/110/220 кВ) – 35,8 чакырым аба чубалгылары толук жаңыртылды (100%)
• ТП/КТП (0,4–10 кВ) – 353 даана трансформатор толук оңдолду (100%).
• Аба чубалгылары (0,4–10 кВ) – 136,8 чакырым аба чубалгылары оңдолду.
• ОКУ (РСУ) подряд аркылуу – 5 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Утурумдук тейлөө жана оңдоо иштери:
Утурумдук оңдоого 71,6 млн сом сарпталып, пландын 91%ы аткарылды. Ал эми физикалык көлөм боюнча аткаруу 106% болду.
Тейленген негизги участоктор:
• КЧ (35/110/220 кВ) – 56 көмөк чордон утурумдук тейлөөдөн өткөрүлдү.
• АЧ (35/110/220 кВ) – 787,4 км аба чубалгылары утурумдук тейлөөдөн толук өткөрүлдү (100%)
• ТП/КТП (0,4–10 кВ) – 2119 даана.
• Аба чубалгылары (0,4–10 кВ) – 4502 км.
Сел жана суу ташкындарынан коргоо иш чаралары:
Күз жана кыш айларында жаратылыш кырсыктары коркунучун эске алуу менен, ишкана электр тармактарын сел жана суу ташкындарынан коргоо иштерин жүргүздү.
Жалпысынан 1040 метрлик участоктордо, тактап айтканда көмөк чордондордун айланасында жана 35/10 кВ аба чубалгыларда коргоо жана каналдарды тазалоо иштери аткарылды.
• 220 кВ – Узловая (75м)
• 110 кВ – Учар, Анар, Табачная, Тебе-Коргон, Беш-Мойнок, Сопу-Коргон, Кара-Кулжа, Барсбек, Көк-Жар
• 35 кВ – Ийри-Суу (65м), Папан (130м)
2025-жылдын алгачкы 6 айында жүргүзүлгөн иштердин негизинде, Ош электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине карата жалпысынан 90%дан ашык даяр. Көпчүлүк жабдуулар оңдолуп, линиялар жаңыланып, жаратылыш кырсыктарына каршы чаралар көрүлдү.
Аткарылып жаткан иштер аймактагы абоненттерди үзгүлтүксүз жана коопсуз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Ош электр тармактары ишканасы кышында туруктуу жарык менен камсыз кылуу үчүн даярдыктарын улантат.
Биздин максат – элге үзгүлтүксүз, коопсуз жана сапаттуу электр энергиясын жеткирүү!