Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасы “Жылдын мыкты ишканасы” деп табылды

23 Январь 2025 ж.

Бүгүн, 23-январь күнү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйындын алкагында жылдын мыктылары аныкталды.
 
  Ош облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, калктын жашоо-шарттарын жакшыртууга, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошкон айыл аймактар, мекеме-ишканалар сыйланды.
 
  Анын ичинен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы “Жылдын мыкты ишканасы - 2024” сыйлыгы менен сыйланды.