Колл - борбор: 105

Ош электр тармактары ишканасына 40000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор алынып келинди

4 Август 2026 ж.

Акыркы жылдары Ош шаарында жаңы көп кабаттуу турак жайлардын, социалдык объектилердин, өндүрүш жана тейлөө жайларынын саны көбөйүп, электр энергиясына болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Ушуга байланыштуу электр тармактарына түшкөн жүктү тең салмактоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Ош электр тармактары ишканасы көмөк чордондордогу трансформаторлордун кубаттуулугун этап-этабы менен жогорулатып, электр энергиясына болгон таңкыстыктын алдын алып келет.
Буга байланыштуу, бүгүнкү күндө Ош электр тармактары ишканасына “КУЭТ” ААКнын каржылоосу менен Кытайдан 40 000 кВА кубаттуулуктагы жаңы күч трансформатору алынып келинди. Ал Ош шаарындагы 110/35/10 кВ “Төлөйкөн” көмөк чордонундагы 25 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатордун ордуна орнотулат.
Натыйжада “Төлөйкөн” көмөк чордонунан электр энергиясын алган Ош шаарынын батыш бөлүгүндөгү жашоочулар, атап айтканда: Төлөйкөн, Анар, Черёмушки, Кулатов кичи райондорунда. Кызыл-Кыштак айыл аймагында, Жаңы-Турмуш, Беш-Кепе, Ишкаван, Керме-Тоо, 225-квартал, Коммунист, Кызыл-Байрак, Сүрөттүү-Таш участкаларында. Сары-Зоо, Ак-Завод жаңы конуштарында. Обл.МАИ, Достук Баажы өткөрмө пунктунда.
Мындан тышкары, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлар, социалдык мекемелер, өндүрүш жана тейлөө объектилери сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот. Бул аймакта Ош шаарындагы ири курулуш долбоорлорунун бири болгон жаңы Ош базары жана “Эне-Сай” турак жай комплекси жайгашкан.
Учурда трансформаторду орнотуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
25 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатордун ордуна 40 000 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторду орнотуу электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, тармактагы жүктөмдү азайтат, чыңалуунун туруктуулугун камсыздайт жана жаңы керектөөчүлөрдү электр тармагына кошууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Натыйжада Ош шаарынын калкы жана ишкердик субъектилери сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болуп, аймактын мындан аркы инфраструктуралык өнүгүүсүнө жана экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүлөт.