Колл - борбор: 105, 1209

Ош электр тармактары ишканасына жаңы кызматтык унаалардын ачкычтары тапшырылды

6 Май 2025 ж.

Бүгүн 6-май, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков Ош электр тармактары ишканасына 8 даана жаңы кызматтык унаанын ачкычтарын тапшырышты.
Бул техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан сатып алынган 54 даана атайын техниканын алкагында бөлүнүп берилди.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевдин, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусу менен энергетика тармагына жаңы 54 даана техниканы тапшыруу иш-чарасы болуп өткөн.
✅Энергетика министрлиги тарабынан жана ошондой эле “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана алгылыктуу иш-аракеттердин алкагында, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.
Тапшырылган 54 даана техниканы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы капиталдык курулуш планын ишке ашыруу алкагында өз каражатынын эсебинен 102 483 400 сомго сатып алды.
Сатып алынган атайын техника электр тармактарынын региондук ишканаларына туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоого, штаттан тышкары учурларга ыкчам реакция кылуу, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган.